​«Манас» аэропорту Кыргызстан боюнча авиакаттамдарын жандантууда

  • 4 года мурун

Карантинден кийин бүгүн, 8-июнда, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 208 болду.

Өлкөдөгү бардык ири аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынды.

Алар жүргүнчүлөрдү сунушталган алдын алуу чараларын сактоону өтүнөт жана Кыргызстандын бардык аэропортторундагы терминалдарга кирүү коргоо беткаптары жана авибилети менен гана уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет.

Жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт.
Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар.

Авиабилеттерди сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнө күн мурун кайрылуусу керек.
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан КР жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон.

5-майда аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын маалыматы боюнча 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты