​ИИМ: Жарандар курал-жарак, ок-дары тапшырса, сый акы төлөнөт

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, таап алган же мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары же ага тете жарылгыч заттарды жана жардыргыч нерселерди тапшырууну өтүнөт. Аны тапшырууга сый акы каралган.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардан жана юридикалык жактардан таап алынган же мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары, жарылгыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана акысыз негизде кабыл алуу жана текшерүү жүргүзүүнүн тартиби өкмөт токтому менен бекитилген.

Аларды кабыл алууну аймактык ички иштер органдарынын бөлүмдөрү ишке ашырат.

Жарандардын табылып алынган же мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жарылгыч заттар менен жардыргыч түзүлүштөрдү тапшыруу ниетин көздөгөн оозеки же жазуу түрүндөгү арыздары ички иштер органдарында катталат.

Табылып алынган же мыйзамсыз сакталган курал, ок-дары, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө тапшырган жарандарга белгиленген өлчөмгө (баага) ылайык сый акы төлөнүп берилет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, акы төлөмө негизде куралды тапшыргандардын иш-аракетинде кылмыштын, жоруктун, бузуулардын курамынын белгилери аныкталган учурда сый акы төлөнүп берилбейт.

Сый акынын өлчөмү туурадуу бул шилтемеден билсеңиз болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты