Атамбаевге каршы кайра да митинг уюштурулду

  • 4 года мурун

Бүгүн 8-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот жабык улантылды. Атамбаевге каршы кайра да митинг уюштурулду.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев сот өкүмү чыкканча сотко катышпайт деген чечим чыгарылган.

Сот болор алдында Атамбаевге каршы кайра да митинг уюштурулду. Каршы чыккандар «Атамбаев камалсын!» «Карызды төлөсүн!» ж.б. плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алар 1-июнда өткөн сот учурунда да каршы пикирин билдирип чыгышкан. Анда ошондой эле Атамбаевди колдогондор да чыгышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелүүдө.

Сүрөт: «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты