​Жол кырсыгында үч киши жабыркап, экөө көз жумду

  • 4 года мурун

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 3 киши жабыркап, 2 аял каза болду.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 7-июндасаат 04:00 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) “Хонда Степ” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

Жол кырсыгынан кесепетинен 3 киши жабыркаган

Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты