​Ош шаарына Новосибирскиден 204 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

Новосибирск – Ош аба каттамы менен «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын рейси менен 204 жаран кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар, оор дарты барлар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар кайтарылды.

Ошондой эле Алтай аймагында, Новосибирск, Омск, Кемерово жана Томск облустарындагы укук бузуучулар үчүн убактылуу кармоочу жайларында жаткан 16 жаран келди.

Алар белгиленген тартипте обсервацияга жайгаштырылды.

Сүоөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты