Коронавирусту үй-бүлөлүк көп киши катышкан иш-чарадан жугузгандар көбөйдү

  • 4 года мурун

Кыргызстанда үй-бүлөлүк көп киши катышкан иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйдү.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

-Ар кыл үй-бүлөлүк иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Тыюу салууга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында той, тажыя жүрүшүндө илдетке кабылууда, — деди саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Бишкекте эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды.

-Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет, — деди Боронов.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты