​Коронавирус жуктурган медкызматкерлердин саны 378ге жетти

  • 4 года мурун

5-июнга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Нарын облусунда -3, Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында – 1.

Ал эми стационардан бир сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

5-июнга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталып, жалпы саны 1936га жетти.

Коронавирустан эки бейтап каза таап, жалпы саны 22 киши болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты