​Эл аралык аба каттамдарын 15-июндан тартып жандантуу пландалууда

  • 4 года мурун

Кыргызстан эл аралык аба байланышын 15-июндан тартып баштоону пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

«Бүгүнкү күндө иш-аракеттердин алгоритми макулдашылып жатат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания качан жана канча жолу каттам аткара ала тургандыгы боюнча сунуштарын беришүүдө», — деди Акышев.

Анын айтымында, алгач жумасына 16-17, күнүнө 2-3 каттамдан аткаруу пландалууда. Ушу тапта эл аралык аба каттамдарынын ырааттамасы, учуулардын аралыгы такталып жатат.

Буга чейин 5-июндан тартып ички аба каттамдары менен аймак аралык коомдук транспорт иштей турганы белгилүү болгон.

Бул арада 8-июндан тартып мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган, аба каттамдары токтотулган.

Cүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты