​Чек арадагы жаңжалдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуу сунушталды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 3-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов чек ара маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматын угууну сунуш кылды.

«Баткенде эл менен жолугушкан учурда Кубатбек Боронов чек арага байланыштуу маселелер паритеттик комиссиянын тыянагынан кийин гана чечилет деп айтты. Бирок, Өзбекстан тараптын жетекчилери башкача маалыматтарды берип жатат. Ошондуктан, бул боюнча Кубатбек Бороновдун маалыматын угуп койсок» деди депутат.

Чек арадагы абал боюнча маалымат Жогорку Кеңеште эртең каралганы жатканы айтылды

1-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыккан.

Чек ара кызматы 2-июнга караган түнү Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында белгисиз кишилер кыргызстандыкка ок атканын билдирген.

Сүрөттө: Депутат Закир Шарапов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты