Ички аба каттамдары 5-июндан иштей баштайт

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 5-июндан тартып ички аба каттамдары менен аймак аралык коомдук транспорт иштей баштайт.

Бул тууралуу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 3-июндагы жыйынында айтылды.

Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керек экенин белгиледи:

«Коомдук транспортто бардык жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелердин так сакташы катуу көзөмөлгө алынышы керек. Конгон учурда сөзсүз түрдө беткап тагынышсын жана дене табы өлчөнсүн. Автобус жана маршруттук такси менен ташууну уюштуруу коопсуз болушу зарыл. Биз бардыгы санитардык нормаларды сактап жатканына ынанышыбыз керек».

Боронов Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жыйында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жайкы туристтик сезон тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, пансионаттардын жана эс алуу жайларынын жетекчилерине санитардык эрежелерди көзөмөлдөө боюнча катуу талаптар коюлду.

Республикалык штаб 25-июндан тартып балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер да иштей турганын кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты