Жогорку сот Молдомуса Конгантиевди толук актады

  • 4 года мурун

Жогорку сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди толук актады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Жактоочунун айтымында, 3-июнда Жогорку сотто прокуратуранын соттук биринчи жана экинчи инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу кассациялык арызы каралды:

«Жогорку сот прокуратуранын арызын четке кагып, актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Эми ал толук реабилитация болууга укугу бар. Жогорку сот өз чечимин Конгантиевдин аракетинде кылмыш жок деп негиздеди».

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы 5-июлда Конгантиевди кайра актаган. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты