«Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен». Сынактын жыйынтыгы чыгарылды

  • 4 года мурун

2020-жылы “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурган кезектеги «Сөз эркиндиги-карикатуристтин көзү менен республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун — Болат Рыскулбеков, «Бийлик жана ЖМК» карикатурасы үчүн,

2-орун — Эрлан Сатыбеков, «Бийликтин бөлүштүрлүшү» карикатурасы үчүн,

3-орун — Нурбек Насыранбеков, «Блогер» карикатурасы үчүн.

Кызыктыруучу сыйлыктар:

Жаңылай Жолчубаева, «Чындыктын формасы» карикатурасы үчүн,

Дастан Темиров, «Ооз жабуунун чынжыры» карикатурасы үчүн.

Ошондой эле жюринин айрым сыйлыктары менен:

Михаил Томилов;

Каныбек Турумбеков;

Жаркын Турсуналиева белгиленмекчи.

Сынактын негизги максаттары карикатуралар аркылуу КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерди көрсөтүү жана КРде карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу болуп эсептелет.

Сынакка жалпысынан 53 автордон 128 эмгек келип түштү, авторлордун катарында кесипкөй жана ышкыбоз сүрөтчүлөр бар (эмгектердин бардыгын http://karikatura.journalist.kg/ сайтынан көрсө болот).

Белгилей кете турган нерсе, быйыл катышуучулардын жана эмгектердин саны былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көптүк кылат. 2019-жылы 23 автордон 68 эмгек келип түшкөн. Бул карикатурага кызыккандардын арасында сынактын аброю өсүп бара жатканынан кабар берет.

Жюри сынакка келип түшкөн эмгектердин чебердиги өсүп баратканын жана да сынакка айымдардын көбүрөөк катыша баштаганын белгилейт. Быйыл катышкан 53 автордун 19у айым сүрөтчүлөр болгон (былтыр – 6).

Бирок ошол эле кезде, калыстардын пикири боюнча, сүрөтчүлөр арасында сөз эркиндиги жана журналисттин ишмердүүлүгү тууралуу стереотиптик көз караштар али да күч болуп, учурдагы сөз эркиндигине байланыштуу маселелер тийиштүү деңгээлде чагылдырылбай калган.

Ошондой эле уюштуруучулар тараптан көп плагиат эмгектер аныкталды. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, келерки жылы уюштурула турган сынактын шарттарын өзгөртүү каралууда.

Эмгектерди 10 адамдан турган калыстар баалаган. Анын курамында медиа тармактын өкүлдөрү жана кесипкөй сүрөтчүлөр бар. Жюринин төрагасы СССР жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Сталбек Токтоев болду.

«ПолитКлиника» медиасы да аталган конкурска маалыматтык колдоо көрсөттү,

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты