​Жаңы кызматка дайындалган Абдулазим Курманов – Зайнидин Курмановдун иниси

Жаңылыктар

Кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалган Абдулазим Курманов - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдун агасынын уулу.

Зайнидин Курмановдон анын атак-даңкы агасынын уулун бул кызматка дайындоодо кандай таасир бергени тууралуу суроо салганыбызда, мындайча жооп берди:

-Абдулазим менин агам - Айдардын уулу. Кадр кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалганын жаңы эле уктум. Биздин бири-бирибизге жардамыбыз - акыл-насаат жагынан гана, билимдин эшигин көрсөтүп беребиз. Калганына ар ким өз күчү менен жетишет.

Абдулазим өзү баарына жетишип келатат, Президенттин жардамчысы болуп иштеп келди, акыл- эстүү, токтоо -"скромный" жигит. Эки жогорку билимдүү, биринчи кесиби –юрист, экинчиси-дипломатиялык адистикке ээ. Дипломатия академиясын аяктаган. Анын атасы, менин агам Айдар Курманов юридика илимдеринин кандидаты, Юридика академиясында иштейт, мурда кафедра башчысы болчу, - деди ал.

Эскерте кетсек, Абдулазимдин чоң атасы Карпек Курманов юридика илимдеринин доктору, профессор болгон.

Абдулазим ырас эле "скромный" окшойт, интернеттен сүрөтүн табуу кыйын, социалдык баракчаларга да жарыялабайт экен.

Бүгүн, 3-июнда, Абдулазим Курманов мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Курмановдор династиясынын жаңы муунуна ишинде ийгилик каалайбыз!

"ПолитКлиника".

Сүрөттө: Зайнидин Курманов. kenesh.kg

Зайнидин КурмановАбдулазим КурмановКадр кызматы