Али Токтакунов: «УКМКнын менин атыма байланыштуу билдирүүлөрү бул каралоо жана карандай калп»

Түркияда киши колдуу болгон кытайлык Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында, 2-июнда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Айеркен Саймаити карызынын жарымын өндүргөндөн кийин журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгонун дегенине карата «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда журналист Али Токтакунов буларга токтолду:

-Улуттук коопсуздук комитетинин менин атыма байланыштуу билдирүүлөрү бул каралоо жана карандай калп. Кара пиардын өмүрү кыска болорун тарых далай жолу далилдеген.

Мындай күбөмүн деген адамдардын куру, эч бир фактыга, далилге таянбаган билдирүүлөрү, анын ичинде абактагы адамдын көрсөтмөлөрү буга чейин да болуп келген жана алар түрдүү «гейт» деген аттар менен тарыхка кирген. Андан сырткары УКМКнын атына далай жолу наалат айттырган иштер болгон.

Айеркен Саймаитиден мен эч кандай акча алган эмесмин. Айеркен Саймаитиден биз, журналисттер, жүздөгөн документтерди, анын ичинде ал өзү аралашып жүргөн иштер боюнча, көрсөтмөлөрүн алганбыз.

Андан тышкары башка да ондогон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн маалыматтарын негизинде биз иликтөөлөрдү жасап, Кыргызстандагы туташ коррупциянын, анын ичинде, бажыдагы коррупциянын, Кыргызстандан жүз миллиондогон акчаны адалдаган системанын бетин ачканбыз.

Тилекке каршы, өкмөт канча убакыт өтсө биз ашкерелеп берген фактылардын аягына чыкпай, иликтөөгө чекит кое элек. Бул — абдан өкүнүчтүү. Анын ордуна иликтөөчү журналисттердин өзүнө, атына каралоо жүрүп жатканы өкүндүрөт.

Бирок эл билип турат, акты ак, караны кара деп айырмалай алат. Албетте, акырында чындык жеңерине биз терең ишенебиз, — деди журналист.

Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңешттин убактылуу депутаттык комиссия жыйынында, 2-июнда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Айеркен Саймаити карызынын жарымын өндүргөндөн кийин журналисттерге финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгон деп билдирген.


Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жейми Флай «журналисттер акча алган» деген билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Отурумдун жүрүшүндө убактылуу депутаттык комиссияга УКМКнын тергөөчүлөрү журналистке каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видео көрсөтмөсүн көрcөттү.

Видеотасмадагы эки күбөнүн бири – Эркин Сопоков. Ал Айеркен Саймаити «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакуновго Стамбул шаарында 50 миң доллар бергенин Саймаитиден укканын айткан.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков Айеркен Саймаити Стамбулда 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон.

Кийинчерээк Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. УКМКнын өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиргенине караганда, Эркин Сопоков учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал 2019-жылы 20-ноябрда кармалып, камакка алынган.

Сопоков консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталып жатканы кабарланган.

УКМК видео далилде көрсөткөн экинчи күбө — Тулобаев Рустам Сатибаевич өзүн «Медина шаарында гид болуп иштейм» деп тааныштырат. Ал тергөөгө «Саймаити Хабибула деген адамдан карызын өндүрүп алуу үчүн «Азаттыкка» документтерди бергенин, ал үчүн «журналистти ыраазы кылам» деп айтканын» укканын билдирген.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Стамбулда 2019-жылы 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган.

Анда 700 млн доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты