​AP: Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды атайылап жашырган

  • 4 года мурун

Кытай коронавирустун кооптуулугу тууралуу лабораториялык маалыматтарды атайылап жашырган. Бул тууралуу Associated Press (AP) маалымат агенттиги жазды.

«Январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска байланыштуу Бээжиндин тез реакциясын мактаган. Бирок Кытай тараптан эч кандай өз учурунда реакция болгон эмес. Бээжин дүйнө жүзүнө, анын ичинде ДССУга зарыл болуп жаткан маалыматтарды атайылап жашырып, ачыкка чыгарган эмес. Кытайдын өкмөттүк лабораториялары геном тууралуу маалыматтарды башка лаборатория вирусология боюнча атайын сайтка жарыялагандан эки жума өткөндөн кийин чыгарган», — деп жазды агенттик.

ДССУнун жабык өткөн жыйындарынын протоколдоруна ылайык, уюмга дал ошол маалда бейтаптар жана илдеттин жугуусу тууралуу кеңири маалыматтар зарыл болгон.

AP агенттигинин маалыматына караганда, ДССУнун жогорку кызматтагы өкүлдөрү өз ара сүйлөшкөндө кытай тарап вирустун адамдан адамга жугуусу тууралуу кеңири маалымат бербей жатканына даттанышкан. Мындан тышкары кытайлык адистер жаңы коронавирус дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн кандай тобокелдиктерди жаратары тууралуу жыйынтыктар менен бөлүшкөн эмес.

Жабык жыйындардын биринде америкалык эпидемиолог Мария Ван Керкхове да коронавирус боюнча маалыматтардын аз болуп жатканын айткан. Ал жетиштүү маалыматсыз коронавируска каршы чараларды пландоо мүмкүн эмес экенин белгилеген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты