​Прокурор блогер Сыдыманды алты жылга камоону сурап жатат

  • 4 года мурун

Блогер Элмир Сыдыманга прокурор алты жылга эркинен ажыратуу жазасын сурап жатат.

Бул тууралуу анын адвокаты Али Магеев ЖМКга билдирди.

Бүгүн сотто адвокаттар лингвистикалык экспертиза дайындоону суранган, бирок ал өтүнүч аткарылган жок.

Элмир Сыдыман Инстаграмм баракчасына түштүк аймактар өнүкпөгөнүн жазып, аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматы тараткан маалыматта этникалык, расалык, улуттук, диний жана регион аралык кастыкты козутуу беренесине байланыштуу шек менен 23 жаштагы Э. С. (Элмир Сыдыман -ред.) 18-февралда камалган. 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты