Шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү сунушталууда

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук мамлекеттик түзүлүш, сот-укук иштери жана регламент тууралуу комитети “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо тууралуу” жана “ Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо” тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Комитет шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүнү колдоду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Т. Мамытов, Т. Бакиров жана башкалар.

Депутаттар Дастан Бекешев жана Марлен Маматалиев шайлоодогу күрөө акчаны 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү сунушун келтиргени айтылды.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоо күрөөсү 10 млн сом болуп жана ал кайтарылбай турган болушу тууралуу сунуш киргизди.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов коррупция боюнча сот жообуна тартылгандарга жана анын жакын туугандарына да жайылтылсын деп сунуш кылган.

Комитет шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүнү колдоду.

Шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда кабыл алынган.

Ал жыйында депутаттар Наталья Никитенко, Исхак Масалиев (ошол кездеги депутат), Мирлан Жеенчороев шайлоо тууралуу алардын мыйзам долбоору каралбай, төрт айдан бери жооп болбой жатканын сындаган.

Аталган депутаттардын шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна альтернативалуу мыйзам долбоорун алып чыккан депутат Канат Керезбеков бул регламентке ылайык сунуш кылынганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты