​Бишкектик дарыгер Дубайдан «Алтын виза» алды

  • 4 года мурун

Бириккен Араб Эмираттарында иштеген кыргызстандык дарыгер Чынара Жантөшеваны Дубайдын эмири Мактум ибн Рашид Аль Мактум «Алтын виза» менен сыйлады. Бул сыйлык коронавируска каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Виза 10 жыл Эмираттарда эмгектенүүгө уруксат берет.

Чынара Жантөшева анестезиолог-реаниматолог. Ал 11 жылдан бери эмгектенген мамлекеттик ири ооруканалардын бири Рашид госпиталынын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө бир эле убакта мынча оорулуу түшүп көрө элек болчу. Учурда бул бөлүмдө 180ден ашуун бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу апаратка туташтырылган. Ар кимисинин абалы ар кандай.

«Мынчалык киши каза болгонун өз тажрыйбамда көрө элек болчумун. Албетте, ар кандай жугуштуу оорулар каптап, эл ооруканага көп түшкөн учурлар болгон. Бирок оору ушундай тездик менен жайылганын биринчи жолу көрдүм» деди дарыгер.

Жалпысынан Бириккен Араб Эмираттарында коронавируска чалдыккан адамдардын саны 34 миңге чамалады. 260тан көп киши бул илдеттен каза болду.

2019-жылы Бириккен Араб Эмираттары чет элдик инвесторлорго жана баалуу адистерге өлкөдө жашоого уруксат берген беш жана он жылдык «Алтын виза» бере баштаган. Алгачкылардан болуп мындай визага белгилүү индиялык ишкер, Эмираттарда 45 жыл жашаган Юсуф Али ээ болгон. «The National» басылмасынын жазганына караганда, анын байлыгы 4,7 миллиард долларга барабар.

Мындай байлар визаны алуу Чынара Жантөшеванын ойлогон да эмес Ошондуктан алгач калаа администрациясынан паспортун сурап чалышканда ишенбегенин айтты:

«»Сизге шейх Мохаммедден ыраазычылык катары «Алтын виза» бериши мүмкүн» деп паспортумду сурашканда нес эле болуп калдым. Документимди алып барып бердим. Бир нече күндөн кийин колума он жылдык «Алтын виза» тийди».

Жалпысынан мындай сыйлыкка 212 чет элдик дарыгер татыды. Бириккен Араб Эмираттарында ар кандай эсептер боюнча 3-5 миңдей чейин кыргызстандык бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты