“28 илмек”  деген эмне? 

“28 илмек”  деген эмне? 

“28 илмек” деген символикалык аталыштагы атты алып жүргөн кайрымдуулук клубуна туура бир жол толду. 28 илмек. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын бутуна жүн байпак түйүү үчүн так ушул 28 илмек керектелет. Бир жыл ичинде клубдун ыктыярчылары 600гө жакын жүндөн түйүлгөн кийимдерди ара төрөлгөн наристелердин энелерине белек кылышкан. Алардын айтымында, бул белек баланын тезирээк торолуп кетишине көмөктөшөт. 

Жүндөн токулган кийимдин пайдасы 

Ара төрөлгөн бала өзү тамактана албай, дем ала албай, жылуулугун сактай албагандыктан,  кувезде багылат. Наристенин эттенип, салмагы көбөйүшү үчүн өзгөчө багуу талап кылынат. Накта жүндөн токулган кийимдер ара төрөлгөн ымыркайларды жылуу кармайт. Ошондой эле, алардын катуу уйкуга түшүп кетүүсүнүн алдын алып, дем алууну унутуп калбасын деп эскертип турат. Жүн булалары наристенин бутуна тийип, тамандагы рефлектордук зоналарга табигый массаж жасалат. Мына ушундан улам салмагы кичине ымыркайлар жаткан реанимация бөлүмүндө алардын кенедей буттарына жүн байпак кийгизип коюшат.  

Бирок ара төрөлгөн балдардын ата-энелери дайыма эле накта жүндөн токулган кийимди чүрпөсүнө таап бере алышпайт. Мындан бир жыл мурда Елена Кимдин ымыркайы 1075 грамм болуп төрөлүп, кувезге бир топ убакытка жаткырылган. Төрөттөн кийин кызына кандай гана болбосун жүндөн токулган кийим табууну көздөгөн жаш эне “28 илмек” клубунан андай байпакты белекке алган: 

—Эгиз кыздарымдын бири ара төрөлүп көпкө өзгөчө багууда калды. Кесибим неонатолог болгондуктан, кызымдын торолушуна жүн кийимдин жардамы чоң экенин билчүмүн. Бирок андай кийимди дароо таба алган жокмун. Шаарыбызда “28 илмек” клубу бар экенин угуп, абдан сүйүндүм. Мурда мындай клубдун Алматыда болгонун билчүмүн. Бирок биздин борборубузда да бар экени жакшы болду. Учурда кыздарым бир жашта, алардын салмагы 8,5 жана 9,5 кг. Жүндөн токулган кийим энеге үмүттүн шооласын чачып, жана жакшылыкка болгон ишенимди арттырат.   

“Хоббини пайдалуу иш менен айкалыштырам 

“28 илмек”  деген эмне? 

Жаш өзгөчөлүгү, кесиби ар түрдүү клубдун ыктыярчылары айына 2-3 жолу жолугуп, ымыркайларга жүндөн түйүлгөн комплект даярдашат. Жүн жиптер клубдун мүчөлөрү тарабынан сатылып алынат. Алардын ар бири наристе кийимдерине өз жүрөгүнүн бир бөлүгүн жана сүйүүсүн кошо токуйт. 

Венера Наринова, ыктыярчы: 

—Мен “28 илмек” клубу тууралуу бир жыл мурда фейсбук социалдык тармагынан көрүп калдым. Мен түйгөндү өтө жакшы көрөм. Андыктан, бул жөндөмүмдї пайдалуу нерсеге багыттоону чечкем. Наристелерге кийим токуу мага абдан жагат. Жагымдуу хоббини пайдалуу нерсе менен айкалыштырып, аталган клубдун мүчөсү болуу сыймыктуу.  

Токулган кийимдер төрөт үйлөрүнө бекер таратылат 

Ара төрөлгөн наристелердин энелерине белекке берилүүчү кийимдердин комплектисине чакан плед, топу жана байпак кирет. Алардын бир бөлүгү төртүнчү төрөт үйүнүн жаңы туулган балдардын патология бөлүмүнө жөнөтүлсө, калганы башка медициналык мекемелерге берилет. Кичинекей бейтаптар үчүн ооруканалардын бюджетинен  жүндөн токулган  кийим сатып алуу каралбайт. Андыктан кайрымдуулук клубунун көмөгү алгылыктуу деп эсептейт Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн балдар патологиясынын жетекчиси Сагынбүбү Абдувалиева: 

Сагынбүбү Абдувалиева, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлар патологиясынын жетекчиси:  “Салмагы аз төрөлгөн балдарга эң биринчи жылуулук керек” 

— Салмагы 1500 граммдан төмөн туулганда ара төрөлгөн болуп эсептелинет. Албетте, мындай чүрпөлөр бул жарык дүйнөгө эрте келип калышты. Бирок медициналык кызматкерлер да, туугандары да ага эң керектүү шарттарды түзүп берүүсү кажет. Илимде салмагы аз балдарды кароодо жылуулук биринчи орунда турары далилденген. Эгерде баланын температурасы 0,5 градуска эле төмөндөсө, анын ден соолугу начарлап кетет. Накта жүн ымыркайдын сезүү органдарын өрчүшүн тездетип, ойгоо кармайт. Андан тышкары, жөнөкөй адамдардын мээриминен жасалган жылуу кийимдер аркылуу берилген позитивдүү энергиялары  чүрпөлөрдүн өмүрүн сактап калууга көмөктөшүүдө.  

Каалагандар ыктыярчы боло алат “28 илмек”  деген эмне? 

“28 илмек” кайрымдуулук кыймылы алгач Казакстанда 2012-жылы жаралган. Андан соң КМШ өлкөлөрүнө жайылган. Бишкектеги аталган клубду Бермет Токтогулова Алматыдан келгенден кийин негиздеген. Учурда клубдун туруктуу кыркка жакын мүчөсү бар.  

Бермет Токтогулова, “28 илмек” клубунун жетекчиси: «Мындай кыймылды Кыргызстан боюнча ачабыз деген максатыбыз бар”  

— Бул кыймылга түйгөндү билбегендер деле кошулса болот, эң башкысы каалоо гана керек. Ара туулган ымыркайлардын баарына кийим жетиштириш үчүн дагы да ыктыярчыларга муктажпыз. Көпчүлүк ыктыярчылар жолугушууларда түйгөндү үйрөнүп алышкан. Убактысын кичинекей наристелер үчүн сарптап, аларга сүйүү тартуулаган ыктыярчыларыбызды “клубдун перилери” деп коебуз. Каалагандар акчалай каражат аркылуу көмөк көрсөтүп демөөрчү боло алат. Азырынча борбор калаабызда гана бар. Бирок кийинчерээк Кыргызстан боюнча  ачалы деген тилегибиз бар. 

 Маалымат үчүн:  

Жылына Кыргызстанда 1500 граммдан аз 1500 бала жана 500 граммдан төмөн 500 наристе бул дүйнөгө келишет. Медициналык деңгээл күндөн-күнгө жакшырып, кайрымдуулук фонддордун кам көрүүсүнө карабастан, убактысына жетпей төрөлгөн балдардын 20 пайызы чарчап калат. Алардын себеби,  жетишерлик камсыздоонун жоктугу, керектүү деңгээлде өнүкпөй калган органдар жана туугандарынын ар кыл оорулары болушу ыктымал. 

Ара төрөөнүн алдын алууну аялдар кош бойлуу боло электе эле баштоо керек. Аялдар өз убагында ар кандай өнөкөт оорулардан дарыланып, өздүк жана жыныстык гигиенаны сактоолору тийиш, ошондой эле аборт жасатпастан, бойго болтурбоого аракеттенүү оң. 

Мээрим Самиева  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты