​Атамбаев Кой-Таш соту аяктагыча ага катыша албайт

  • 4 года мурун

Биринчи май райондук соту 1-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сот залынан чыгарып жиберди.

Атамбаев эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнчө сот отурумдарына катыша албайт.

Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды.

Мурдагы президент Атамбаев ден соолугуна байланыштуу калган соттолуучулар менен бирге айнек менен тосулган жайда өзүнчө отуруудан баш тарткан.

Соттун чечими менен Атамбаев жыйын залынан чыгарылган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев соттун чечими мыйзамсыз экенин билдирди.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелүүдө.

Бүгүн сот имаратынын алдына Алмазбек Атамбаевге каршы болгондор жана колдогондор митингге чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты