АКШнын ири шаарларындагы баш-аламандыктар (Видео)

АКШнын президенти Дональд Трамп Миннеаполис шаарындагы абалды көзөмөлгө ала албагандыгы үчүн мэр Жейкоб Фрейди сынга алып, козголоңчуларды күч менен токтоторун эскертти.

Көчөлөрдөгү башаламандыктар менен коштолгон ири нааразылык акциялар Миннеаполистен тышкары АКШнын жети шаарында, анын ичинде Вашингтондогу Ак үйдүн алдында да өттү.

Буга Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмү себеп болду. Күн мурун бул окуяга катышкан полиция кызматкерине адам өлтүрүү айыбы тагылды.

25-майда полиция Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында жасалма акча колдонууга шектелген жаранды кармаган. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкери куралы жок Флойду жерге жыгып, тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын айтып, аны кое берүүнү өтүнгөн.

Башаламандык 26-май күнү кечинде башталып, кийинки күнү да уланган. Демонстранттар Миннеаполис шаарындагы полиция бөлүмүнүн алдына чогулуп, айрымдары тартип сакчыларына таш ыргытышкан. Полиция жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Эртеси вандализм, дүкөндөрдү өрттөө жана талоончулук фактылары катталганы кабарланган. Бейшемби күнү калаадагы полиция бөлүмү өрттөлгөн.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты