Белгилүү инсандар Равшан Жээнбеков боюнча Президентке, сот жана укук коргоо органдарына кайрылуу жасашты

Айтылуу коомдук ишмерлер камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков боюнча Президент Сооронбай Жээнбековго, сот жана укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

«Укук коргоо органдары белгилүү саясатчы Равшан Жээнбековду 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы учурунда кылмыш кодексинин айрым беренелерин бузган кадамдарга барган деп эсептешүүдө.

2019- жылдын 14-декабрында Биринчи май райондук соту аны 2 айга, тагыраак айтканда 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тергөө амалдары жүрө берсин.

Биз, өлкөнүн өнүгүшүнө аздыр-көптүр салым кошкон инсандар, укук коргоо органдарынан Равшан Жээнбековго карата бул иш-аракеттерин негизсиз деп эсептейбиз.

Равшан Жээнбеков буга чейин укук коргоо органдарынын чакырууларына калтырбай барып, өз көрсөтмөлөрүн берип турган. Ал видеоматериалдар жана күбөлөр аркылуу өзүнүн кылмышка барбаганын, тескерисинче, башкаруудан чыккан жаалданган топтор менен милициянын ортосунда көпүрө болуп, спецназды коргоп жүргөнүн, элди тынчтыкка чакырып, абалды жөнгө салууга болгон аракетин далилдеп келген.

Биз, таластык инсандар, Равшан Жээнбековдун сот жана тергөө органдарынан качпай тургандыгына кепилдик беребиз» деп аны Кой-Таш окуясында каршылаш тараптардын ортосунда медиатор катары жасаган иш-аракеттерин эске алып, үй камагына чыгарууну өтүнүшөт.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери каза таап, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду камакка алуу мөөнөтүн узарткан.

Сот 4-февралда Ниязов менен Жээнбековдун Бишкектеги СИЗО-1 абак жайында кармоо мөөнөтүн 9-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты