​Новосибирскиден 180 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

«Манас» эл аралык аэропортунда 31-майда «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты. Анда Кыргызстандын 180 жараны кайтып келди.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, бейтаптар , улгайган адамдар, кош бойлуулар жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.

Кайтып келгендер обсервацияга алынды.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты