​Корея Кыргызстанга жардам катары 300 миң АКШ долларын бөлдү

  • 4 года мурун

Корея өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тест жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Корея Кыргыз элчилигинин күч-аракеттери менен 28 миңден ашуун АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тест алынды.

Бүгүн, 29-майда, бул гуманитардык жардам Кореядан «T’Way» авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди.

Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттер жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди.

Сүрөт: КР ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты