​Филиппин жана Кореядан 58 кыргызстандык кайтты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 29-майда. “Манас” эл аралык аэропортунан Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрилигинин маалымат департаменти билдирди.

Аны менен Кыргызстандын 58 жараны кайтып келди.

Аталган каттам Кореядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашуулар боюнча ишке ашты.

Келгендер обсервацияга жаткырылды.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты