​Бардыгы 330 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты

  • 4 года мурун

29-майга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына 330 медициналык кызматкер чалдыкты.

Алардын ичинен 247 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда 29-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учуру катталып, жалпы саны 1662ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты