​Коррупция менен соттолгондор жана жакын туугандары депутат болушуна тыюу салуу долбоору коомдук талкууга чыкты

  • 4 года мурун

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 28-майдан тартып коомдук талкууга чыгарылды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Паралменттин сайтына жарыяланган мыйзам долбоорунда учурдагы мыйзамга «чет өлкөлүк банктарда жашыруун эсеби болгондор, 319-берене («Коррупция») менен соттолгондор жана алардын жакын туугандары парламент депутаты боло албайт» деген өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Мыйзам долбоорун депутат Тазабек Икрамов демилгелеген.

Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, коррупция беренеси менен соттолгондор жана алардын жакын туугандары парламенттик шайлоого катыша албайт.

Парламентке шайлоо өлкөдө 4-октябрга белгиленген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты