Кыргызстан эл аралык донорлордон 462 млн доллардан ашык каражат алат

Кыргызстандын эл аралык донорлордон 462 млн доллардан ашык жардам алуу жөнүндө келишимдери бар.

Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 млн доллар (241 млн 948 миң 003 доллар) келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Ал эми Азия өнүктүрүү банкынан 3 транш менен келет. Биринчи транш боюнча, финансы мекемеси менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 млн доллар келет, бул гранттык негизде. Экинчи транш менен дагы 50 млн доллар келет. Эки транш тең бюджетти колдоого багытталат.

Мындан тышкары, Азия Өнүктүрүү Банкы 20 миллион доллар бөлөт. Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.

Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 млн доллар бөлөт.

Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдуу жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Евросоюз билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн 300 миң евро бөлүп берет. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн 500 миң евро, жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 миллион 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражат азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты