​Коронавируска чалдыккандардын 30%ы – сырттан келгендер

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 30 пайызы сырттан келгендерден аныкталып жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

Жалпысынан COVID-19 Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 101, Бузулуктан — 8 жана Россиядан келген курсанттар арасынан- 52 учур катталды, — деп билдирди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 28-майга карата бир суткада 74 киши коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. 74 учурдун ону Россиядан келген курсанттардан аныкталды. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1594кө жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты