​Бир суткада 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктурду

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинде:

Ош шаарында – 15;

Нарын облусунда – 7;

Бишкек шаарында – 5.

Ал эми стационардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 326 учур катталды.

Алардын ичинен 247 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда 28-майга карата бир суткада 74 киши коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталып, жалпы саны 1594кө жетти.

Иллюстрациялык сүрөт, Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты