​Улуттук банк кызматкеринен коронавирус табылды

  • 4 года мурун

КР Улуттук банкынын бир кызматкеринен коронавирус табылды. Андан кийин 40 кызматкер обсервацияга алынды.

Бул тууралуу улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди.

Вирус жуктурган бир кызматкер ооруканага жаткырылып, дарыланууга алынганы, абалы канаттандырарлык экени айтылды.

“Аны менен байланышта болгон 40 кызматкер карантинге алынды. Алардын анализи таза чыкты. Имаратты дезинфекциялап, коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат берилди” деди Абдыгулов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты