Дагы 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

27-майга карата өлкөдө бир суткада өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Ош облусунда -7, Бишкек шаарында – 5.

Ал эми стационардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 299 медицина кызматкери кабылды, алардын ичинен 243 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда 27-майга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учуру аныкталып, жалпы саны 1520га жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты