​КСДП катарынан Карамушкина жана Момбеков чыгып кетти

КСДП партиясынын катарынан КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Рыскелди Момбеков чыкты.

Бул тууралуу партиянын саясий кеңеши билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина КСДП катарынан Адил Турдукулов менен бир партияда болууну каалабагандыгынан чыккандыгын айткан.

“Партиянын лидеринин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова жана Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди ачык колдобой, Адил Турдукулов тарапты тандашты” деген Ирина Карамушкина ачык кайрылуусунда.

Анын айтымында, Атамбаевдин уулдары түзгөн “Кыргызстан социал-демократтар партиясы» катарына жаңы мүчөлөрдү кабыл алып, парламенттик шайлоого катышканы турат.

Жаңы партияга Кодуранова, Жолдубаева, Турдукулов мүчө болбой турганын Карамушкина билдирген.

Ал эми Рыскелди Момбеков КСДПдагы ич ара каршылашкандардан улам партиянын катарынан чыга турганын маалымдаган.

КСДП партиясы Алмазбек Атамбаев түзгөн КСДП жана анын уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаевдер түзгөн “Кыргызстан социал- демократтар партиясы” болуп экиге бөлүндү.

Сейитбек жана Кадыр Атамбаевдер “Кыргызстан социал-демократтар партиясы” парламенттик шайлоого бара турганын айтып чыгышты.

Атамбаевдин уулдарынан бул кадамы Адил Турдукулов тарабынан сынга алынган.

«Ушундай оор кырдаалда КСДП мүчөлөрүн бир муштумга бириктирүүгө басым жасап, идеялаш саясатчыларды бир партияга чакырышы керек эле. Бирок Атамбаевдин балдары өздөрүнчө кайрылуу жасап, ар кандай иш-чараларды өткөрүп жатат. Саясий кеңештин мүчөлөрүнө бул көрүнүш бүдөмүк ойлорду жаратып, ыңгайсыз абалда турабыз» деген Турдукулов.

Адил Турдукулов да КСДП катарынан чыга турганын ЖМКга кабарлады.

КСДП негиздеген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор кылмыштарга шектелип, камакта жатат.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган. Мурдагы президент УКМК абагында отурат.

Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты