​Безгектин дарысы COVID-19 инфекциясынан каза табуу тобокелин жогорулатат

Окумуштуулар безгектин (малярия) дарысы-гидроксихлорохин жана хлорохин COVID-19 пайда алып келмек турсун, дарттан каза табуу тобокелчилигин күчөтөт деген пикирге келишти.

Гидроксихлорохин жана хлорохин безгекке дары, бирок коронавируска эмес.

Коронавирустун жаңы түрү SARS-Co-2 жуктургандарга каршы колдонулуп жаткан безгектин хлорохин жана гидроксихлорохин дарысы COVID -19 менен ооругандарды колдонууда алардын каза табуу тобокелчилигин жогорулатат.

Бул тууралуу иликтөөсүн The Lancet медициналык журналы 22-майдагы санында жазды.

Изилдөө ишинин жетекчиси, Бостон бириккен медицина борборунун доктору Мандип Мер жогорудагы дарылар коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоодо жардам бербестен, зыян алып келиши мүмкүн экенин айтты.


Хлорохин жана гидрохлорохин дарысын кантип текшеришкен?


Иликтөөгө алты континенттеги 671 ооруканада 96 миң бейтап катышкан. Алар төрт топко бөлүнүшкөн.

Биринчи топ COVID-19 дартфн дарылоо үчүн гидроксихлорохин колдонушкан, экинчиси — хлорохин, үчүнчү топко аталган дарылардын бирин антибиотик менен кошо беришкен, төртүнчү топко жогорула аталган дарылардын бирин да беришкен эмес.

Натыйжада хлорохин да, гидроксихлорохин да колдонбогон бейтаптарда өлүм 9 пайызды түзгөн. Хлорохин менен дарылагандардын арасында өлүмгө дуушар болгондор 16,4 %, гидроксихлорохин пайдалангандар- 18% ды түзгөн.

Ал эми безгектин хлорохин дарысын антибиотиктер менен кошуп дарылангандар арасында 22,8 % болгон.

Ошентип, коронавирус жуктургандарды безгекке каршы дарылар менен дарылаганда өлүм тобокели 45% га жогору болгон деп окумуштуулар жыйынтык чыгарышкан.


Безгектин дарысы жана жүрөк оорусу


COVID-19 жүрөк оорулуу адамдарды ,гидроксихлорохин жана хлорохин менен дарылоонун эч кандай илимий негизи жок, -деп билдирди Цюрихтеги университет клиникасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы, — айрыкча жүрөк оорулуу адамдарды COVID-19 дан дарылоодо башка да дарттары козголот, айрыкча жүрөктүн согушунун ритми бузулат.

Мурда АКШ президенти Дональд Трамп коронавирустун алдын алыш үчүн гидроксихлорохин дарысын пайдаланарын билдирген. Аны менен Трамп АКШнын саламаттык сактоосунун дарылоо тартибин бузган, — деп билдирет AFP маалымат агенттиги.

Булак:DW


ДССУ безгектин дарысын сыноону убактылуу токтотту


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирусту дарылоодо гидроксихлорохин менен хлорохинди колдонуу максатында жүргүзүлүп жаткан клиникалык сыноо убактылуу токтогонун билдирди.

Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус мындай чечим «Ланцет» медициналык журналындагы макаладан кийин кабыл алынганын жазды.

Россия апрель айынын ортосунан бери бул дарыны коронавирус жугузуп алган бейтаптарды дарылоодо колдонуп келет. Буга чейин Кытай 68 миңдей куту гидроксихлорохин алганы айтылган.

Соңку маалымат боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандар 5,5 миллион адамдан ашты жана илдеттен 346 миңден көп киши көз жумду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты