​Түркия-Кыргызстан багытында ачылган жүк ташуучу каттам Казакстанды айланып өтөт

  • 4 года мурун

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда темир жол жана автоунаа жолу менен жүк ташуучу жаңы каттам ачылды.

Ал КыргызстанӨзбекстанТүркмөнстанАзербайжанТүркия багытында болуп, Казакстанды айланып өтөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Соода палатасынын өкүлү, «USB Transit» фирмасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди. Анын айтымында, аталган каттамды ачыш үчүн сүйлөшүүлөргө эле эки жылдан ашуун убакыт кеткен.

«Бул каттамды ачыш үчүн көп каражат жана убактыбыз кетти. Жакында 40 контейнер келди, эми дагы 60 контейнер күтүп жатабыз. Биринчи үч контейнер көп кыйынчылык менен эки айда келди. Кийинки 37 контейнер эки жумада келди. Түркиядагы логистика жана жүк ташуу боюнча эң чоң компаниялардын бири «Arkas Logistic» деген өнөктөшүбүз жүктү Түркиядан уюштуруп, вагондорго жүктөп берет. Темир жол менен Грузия аркылуу өтүп, Азербайжанга кирет. Каспий деңизине келгенде паромго жүктөлүп, Түркмөстандан чыгат. Ал жерден кайра вагондорго салынып, Өзбекстан аркылуу Ошко кирет», — деди Талант Маткерим уулу.

Буга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жүк ташуу автоунаа жолу менен Казакстан аркылуу жүргүзүлчү.

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2019-жылы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 426 млн. долларды түзгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты