Баарынын калбыры бар. ​Бейөкмөт уюмдардын кирешесин текшерүүнү колдогон уюмдар кимдер? [Тактоо кирди]

Баяндар

Мурдагы жумада Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Бирок, бул жыйынга катышып, ой-пикирин айтууга бардык көпчүлүк бейөкмөт уюмдарына уруксат берилген жок. Жыйынга 60 киши чакырылганы айтылды, анын ичинен ашып кетсе 3-4 гана уюм активдүү иш алып барганы белгилүү. Көпчүлүгү аты-жыты белгисиз уюмдар. Биз ошол уюмдардын ким экенине, алар фискалдык органдарга кандай салыктарды төлөп, кандай иш алып барарына кызыгып көрдүк.

“Жети дубан кырк уруу ынтымагы” кыймылынын жетекчиси пара берип кармалган

“Жети дубан” аксакалдар кең кеңешинин атынан Жусуп Дүйшеев сүйлөдү. Бул уюм Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн эмес. Бирок "Жети дубан кыркы уруу ынтымагы" аттуу кыймыл тууралуу маалыматтар бар. Парламенттик угууга катышкан Жусуп Дүйшеевди бир катар маалымат каражаттары "Жети дубан кырк уруу ынтымагы" кыймылынын өкүлү экенин жазып чыгышты. Ал кыймыл кытайларга каршы митинг уюштуруп жүргөнү тууралуу жазылган. Аны менен катар эле дал ушул кыймылдын лидери Замирбек Дүйшөнов 2019-жылдын июнь айында пара берип жаткан жеринен кармалганын ИИМ кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, Амангелди Артыков деген жаран баңгизатын даярдоо боюнча айыпталып жаткан, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранып, Замирбек Дүйшөнов тергөөчүгө 1 миң доллар пара бермей болуп, алдын ала 10 миң сом берген жеринен кармалган. Ал камакка алынган. Дал ушул кыймылдын дагы бир жетекчиси Амангелди Артыков Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылган 2-марттагы митингден кийин бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп камакка алынган.











Сүрөттө: Жусуп Дүйшеев

Митингди токтотом деп акча талап кылган… “Мээр жазы”

“Мээр жазы” коомдук бирикмесинин төрайымы Ыргалай Бекмуратова буга чейин Бишкекте 10-мартта өткөн зомбулукка каршы акцияга каршы чыкканы менен белгилүү. Аны менен катар эле ал Лейлек районунда митингдерди токтотом деп акча талап кылууга шектелип кармалганын облустук ИИБ кабарлаган.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылынын 37 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2020-жылдын 6-февралында телефон аркылуу өзүн чек ара коомунун төрайымы боломун деп тааныштырган Ы. аттуу аял “Бардык митингдерди токтотомун” деп 40 миң сом талап кылганын билдирген.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарындагы кафелердин биринен 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бул факт Баткен облустук ички иштер бөлүмүнун кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыргалай Бекмуратова Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун эжеси болот.

Сүрөттө: Ыргалай Бекмуратова


Таштандыдан башкага акча төлөбөгөн “Элет көйгөйү”

“Бейөкмөт уюмдар киреше булактарын ачык көргөзүшү керек” деп бул мыйзамды колдогондордун бири “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыкулова. Бул коомдук бирикмени “Ачык өкмөт” порталы аркылуу караганыбызда бир жылда бир жолу таштанды үчүн гана 100 сом төлөгөнү көрүнүп турат. Бул бирикмени, демек,фискалдык органдарга нөл сандары менен отчет тапшырат деп болжосок болот. Иштеп жаткан уюм кызматкерлеринин айлык-акысына салыктарды төлөп турушу керек болчу. Муну менен катар эле, аталган уюмдун өкүлдөрү дал ушул мыйзам долбоорун бейөкмөт уюмдары талкуулап жаткан учурда 2020-жылдын январь айында чатак чыгарганы белгилүү.



Жалгыз бой эне “акчамды бербей жүрөт” деп арызданып

“Сияние востока” уюмунун атынан Кочкорбек Жуманазаров дагы бул мыйзамды колдой турганын айткан. Бул бирикме Юстиция министрлигинин реестринде жок. Бирок жалгыз бой эне Салима Медерова аттуу аял Кочкорбек Жуманазаровго акчасын алдатып жибергенин айтып, ага Муфтий Максат Токтомушевдин дагы атын атап Президентке кайрылуу жасаган.

“Шылуундук” беренеси менен айып тагылган Абдразаков

“Үй куруучулар” коомунун төрагасы Бейшенбек Абдразаков “Акжол” фракциясынан ЖК депутаты болгон, Бишкек шаардык мэриясынын бир катар кызматтарында иштеген. ММКларга Таалайбек Кермалиев аттуу жаран кайрылып Бейшенбек Абдразаков аларга лимонад өндүрүүчү цех ачуу үчүн жер тилкесин ижарага берип, бара-бара сатып аласыңар деп ишендиргенин, ал заводду курууга 140 миң доллар коротушканда, бул жер тилкени Бакиевдердин үйбүлөсүнө “Старый город” көңүл ачуучу борборун курууга берип салганын айткан. Алар Абдразаков менен 5 жыл соттошуп отуруп, акыры ал “Шылуундук” беренеси менен 2012-жылы 5 жылга эркинен ажыратылганы жазылган.









Сүрөттө: Бейшенбек Абдразаков

Алканованын фонду (Тактоо киргизилди*)

Журналист Элнура Алканова дагы бул жыйында “Ачык маалыматтар фонду” коомдук фондунун атынан сүйлөдү. Алканова бардык бейөкмөт уюмдар каржы булактарын ачык көрсөтүшү керектигин, өзү киреше булактарын көрсөтүүдөн качпай турганын айтты.


Бирок, буга чейин биз Алканованын фонду салык органдарына кала берсе каттоого тура элек деген ой келет деп жазган элек. Анткени, ал фонддун ИИНи менен “Ачык бюджет” порталынан караганыбызда андай уюм тууралуу маалымат жок экенин көрсөтүп жатат.



Бирок, "Ачык маалыматтар фонду" салык органдарына каттоого турганын Салык кызматынын сайтынан тактадык. Бул тактоодон кийин "Ачык маалыматтар фондун" бул тизмеге кошуп жазган туура эмес болуп калат экен. Анын үстүнө, Алканова парламенттик угууда сүйлөгөн сөзүндө Райымкулов демилгелеп жаткан бул мыйзамга каршы пикирин айткан. Авторлор адегенде "Ачык бюджет" порталына негиздеп бул тимзмеге кошкон болчу. Мына ушул негизде башкы сүрөттөн Элнура Алканованын сүрөтүн алып салдык.

Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл-эс, рух, ыйман” аттуу уюм дагы Юстиция министрлигинин реестринен чыккан жок.

Георгий лентасын түшүрбөгөн Роман Ремнев

Роман Ремнев бул парламенттик угууда “Генералы” коомдук бирикмесинин өкүлү катары тааныштырылды. Юстиция министрлигинин реестринен мындай коомдук бирикме чыккан жок. Реестрде “Генералы мира за мир” деген коомдук бирикме бар. Ал ачылгандан бери 700 сом таштанды чыгарганга гана төлөгөн.








Бул жыйында Роман Ремнев георгий лентасын тагынып барганы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду.










Ал 2019-жылы 24-майда жарандык коом УКМКны реформалоо маселесин талкуулап тегерек үстөл өткөрүп жаткан учурда бир катар жолдоштору менен биргеликте сүйлөп жаткандардын сөзүн бөлүп, провокация уюштурганы менен белгилүү. Анда алар өздөрүн “Антитеррор” кыймылынын мүчөсү катары тааныштырган. Роман Ремнев мына ошол иш-чарага дагы георгий лентасы менен барган болчу. Ал жыйында провокаторлор Орусиянын ФСБсынын буйругу менен иштейт деген пикирлер айтылган. Роман Ремнев өзү маек берип жатып “Кырк чоро”, “Айкөл Ала-Тоо” уюмдары менен кызматташарын айткан.



Мыйзамдын демилгечилери ЖК депутаттары - Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана мурдагы депутат Аида Исмаилова. Бирок талкуудан кийин Марлен Маматалиев окубай туруп кол коюп алганын айтып, автор болуудан баш тартты.

Демилгечилердин бул мыйзам долбоору менен өлкөдөгү бардык коммерциялык эмес уюмдар онлайн-режимде каржы булактарын, кызматкерлеринин мүлкү, айлыгынан бери көрсөтүүгө милдеттендирүүнү киргизгени жатат. Айта кетчү нерсе, коммерциялык эмес уюмдар КРнын мыйзамдарына ылайык, салык кызматына, социалдык фондго ай сайын отчет берип, салык төлөп турушат.

Бул мыйзам долбоору өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарды кысымга алып келет деп чочулагандар дагы жок эмес. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө БУУнун, Европалык Кеңештин өкүлдөрү, Юстиция министрлигинин коомдук кеңеши дагы каршы пикирин билдиришти.

Талкууга катышкан уюмдардын көпчүлүгү “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдой турганын айтып жатышты. Алар мыйзамга кирип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулагандын ордуна бейөкмөт уюмдарын иш аракетине нааразы экендиктерин билдиришти. Айрымдары аларды миллиондогон акчаларды алып, эч кандай отчет бербейт деп айтышса, айрымдарды “тыңчы” деп табуу керектигин дагы сунуштап жиберишти.

Бир катар уюмдар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, парламенттик угууну башка убакытка жылдырууну суранышкан. Бирок Жогорку Кеңеш алардын өтүнүчүн укпай, парламенттик угууну өткөрмөй болгондо, алар дагы каттоодон өтүп ой-пикирин айтууга аракет кылышкан. Тилекке каршы, ал жыйынга катышууну каалаган көп уюмдар кире албай калган.

ПолитКлиника медиа



Баяндар