150 миң сом пара менен кармалган прокурордун жардамчысына кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

150 миң сом пара менен 22-майда кармалган прокурордун жардамчысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы 38 жаштагы К. А. экени маалымдалды.

Аны улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын коррупцияга каршы кызматы кармагандыгын УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, прокурордун жардамчысы жазаны жеңилдетүү сый акысы үчүн 2 миң доллар доолаган. 150 миң сом алып жатканда кармалган.

Бул факты “пара талап кылуу” фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты