​АКШ жана Канададан окуучулар менен студенттер кайтты

23-майда атайын каттам менен АКШда окуган 109 окуучу, 37 студент жана жеке жарандар, бардыгы 146 киши Кыргызстанга кайтты.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Окуучулар менен студенттер чет өлкөлөрдө FLEX, International Student Exchange, NorthWest Student Exchange, Fullbright жана башка программалар боюнча окуп жатышкан.

Коронаивруска байланыштуу эпидемиологиялык абалга жараша АКШ жана Канададагы окуу карантинге жабылып, аба каттамдары да токтоп, алар Мекенге кайтуу ниетин билдиришкен.

FLEX программасы менен окугандардын келиши Бишкектеги АКШ элчилиги тарабынан акысыз уюштурулду, аларга КР тышкы иштер министрлиги, КР Вашингтондогу элчилиги жана эл аралык билим алуу программасынын америкалык кеңешинин администраторлору көмөктөштү.

Кайтаар алдында окуучулардын ар бирин текшерүүгө алышты, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздады жана санитардык нормалар тууралуу эскертишти.

Кыргызстанга кайткандар тийиштүү талаптарды аткарышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты