Маматалиев "Өкмөттүк эмес уюмдар" мыйзам долбоорунун демилгечиси болуудан баш тартты

Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу" мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болуу оюнан кайтты.

Депутат Маматалиевдин ЖКМга айтымында, мыйзам долбоорунда анын сунуштары эске алынган эмес.

-Ооба, башында мыйзам долбоорун колдогом. Мага бизде гей-парад болбошу үчүн ушундай мыйзам керек экенин айтышкан. Бирок азыр бир катар туура эмес жагдайлар бар экенин көрдүм. Анын үстүнө менин сунуштарым эске алынган жок, - деди ЖМКга Маматалиев.

Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова жана мурдагы депутат Аида Исмаилова. Эми бул тизмеден Марлен Маматалиев чыкты.

Сүрөт: kenesh.kg

ЖаңылыктарЖогорку КеңешМарлен Маматалиевдепутатдемилгечиөкмөттүк эмес уюмдармыйзам долбоору