Коронавирустан 20 бейтап айыкты

  • 4 года мурун

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 949 бейтап айыгып чыкканы маалым болду.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бирок коронавируска чалдыккандардын саны айыккандардан көп болду, 37 киши чалдыкты. Республикада коронавирустун жалпы 1350 учуру катталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты