​Дагы үч медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 2, Нарын шаарында – 1.

Бир медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер ооруканадан айыгып чыккан.

Кыргызстанда 22-майга карата бир суткада коронавируска чалдыккан 37 учур аныкталды.Республика боюнча вирустун жалпы 1350 учуру катталды.

Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты