​БУУ өкүлчүлүгү бейөкмөт уюмдары мыйзамы боюнча ЖК төрагасына вербалдык нота жөнөттү

  • 4 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберди.

Анда өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирди.

Нотада бул демилге жарандык коом өкүлдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

Өкүлчүлүк Жогорку Кеңешти БУУнун атайын баяндамачылары менен Венеция комиссиясынын мүчөлөрүнөн турган эксперттик топтун пикирине көңүл бурууга чакырды. Анда мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы бардык коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгү белгиленген.

22-майда бул долбоор боюнча парламенттик талкуу өткөнү жатат. Укук коргоочулар талкуу карантин режимине карабастан өткөрүлө турганын сынга алып чыгышкан.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Март айынын башында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. «Макул» деп 100 депутат добуш берди. Тогуз депутат каршы болгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Сүрөт коллажы:FRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты