​Баш прокурордун отчетун 113 депутат колдоду. Карамушкина анын отставкасын талап кылды

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокуратуранын 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун карап, токтом кабыл алды.

Жыйынга катышып жаткан 115 депутаттын 113ү отчетту колдоду, экөө добуш берген жок. Ал эми депутат Ирина Карамушкина баш прокурордун отставкасын талап кылды.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндамасында белгилегендей, 2019-жылы кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 163 549 арыз катталган. Анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат.

2019-жылы прокуратура органдары мамлекеттин пайдасына 39 миллион 455 миң сомду өндүрүш үчүн сотко 998 доо арыз жиберген. Анын 81% канааттандырылып, 27 миллион сом өндүрүлгөн.

“Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпысынан 1 млрд. 79 млн. 556 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 352 млн. 52 миң сом акчалай, 727 млн. 503 миң сомдук натуралай түрдө алынган. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1332 чара көрүү актылары киргизилип, 2225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге тартиптик жаза колдонулду ”деди Өткүрбек Жамшитов.

Прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иш кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады. Мунун 1355и иш тергөөнүн жыйынтыгында өндүрүштөн кыскартылган.

Башкы прокурордун маалыматы боюнча, мамлекеттик органдардын ичинен көпчүлүк мыйзам бузуу өз алдынча башкаруу тутумунда, жол жана транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтеринде, экотехинспекциясында, курулуш агенттигинде жана алардын түзүмдөрүндө орун алган.

Отчетту талкуулоодо депутаттар коррупцияга каршы күрөшүү, мыйзамсыз баюу, балдардын укугун коргоо, укук коргоо органдары менен соттук өкүлчүлүктөрдүн иликтөө жана ыкчам-издөө ишине көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурушту.

Андан тышкары, чет өлкөдө жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу маселеси айтылды.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина баш прокуродун отставкасын талап кылды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты