Айт намазы аянтта өтпөйт. Намазды ар ким үйүнөн окуйт

  • 4 года мурун

COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучун эске алып, быйылкы айт намазы мечитте жана борбордук аянтта өтпөй турган болду. Ар ким намазды үйүнөн окумакчы.

Бул тууралуу КР мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

24-майда саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин орозо айтка байланыштуу куттуктоосу болот.

Эл аралык астрономиялык обсерватория тажрыйбаларын пайдалануу менен 24-май орозо айт катары эсептелди.

21-майга карата республикада коронавирус инфекциясынын жаңы 43 учуру катталып, жалпы саны 1313кө жетти.

Сүрөт; Мусулмандар дин башкармалыгы. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты