​Онкология борборунун балдар бөлүмүндө 14 кишиден коронавирус аныкталды

  • 4 года мурун

Бишкектеги онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 киши катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Коронавирус сегиз бала, үч эне жана үч медициина кызматкеринен тастыкталды.

Үсөнбаевдин айтымында балдар жана энелер ошол эле ооруканада калтырылат, ал эми медицина кызматкерлери республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылат.

Онкология ооруканасынын балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылган. Ал дарылоо мекемесинен жалпысынан 120 кишиден анализ алынган.

21-майга карата республикада коронавирус инфекциясынын жаңы 43 учуру катталып, жалпы саны 1313кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты