​Музей кызматкерлер маянасы жогорулады

  • 4 года мурун

Республиканын музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

Мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлеринин айлык акысы 80%га жогорулатылган.

Сүрөттө: Көркөм сүрөт музейинде. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты