Бүтүрүүчүлөр реалдуу режимде жыйынтыктоочу аттестация тапшырат

  • 4 года мурун

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы 12-июндан 19-июнга чейин реалдуу режимде өтөт. Окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышат.

Билим берүү жана илим министрлиги сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системасындагы практик, эксперттер менен талкуулагандан кийин ушундай чечим чыгарган.

Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет берилет. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырат.

Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан эксперттер да дароо таанышат. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр.

«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы областтык борборлордо, Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Караколдо ѳткѳрүлѳт.

Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоочу талаптар сакталат. Имараттар дезинфекцияланат, социалдык дистанция сакталат жана ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат.

Буга чейин атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик баа коеру айтылган.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин өтөт деп белгиленген. Эми 12-июндан 19-июнга чейин өтө турган болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты