​Депутаттар Райымкулов менен Асылбаеванын мыйзам долбоорлорун артка кайтаруу керек

“Общее дело”-“Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов менен Гүлшат Асылбаеванын жарандардын конституциялык укуктарын бузган мыйзам долбоорлорун артка кайтарууну суранат.

Аталган фонд Бактыбек Райымкуловдун “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” жана Гүлшат Асылбаеванын “Маалыматтарды манипуляциялоо тууралуу» мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрү тууралуу демилгелерине кабатыр болгондугун билдирет.

“Эгер аталган мыйзам долбоорлору кабыл алына турган болсо, анда жарандардын бирикме түзүү эркиндигине жана сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет.

Бул жарандардын сөз эркиндиги жана жана ассоциация түзүү боюнча негизги укугуна жана укуктук мамлекеттин демократиялык баалуулуктарына олуттуу чакырык таштап, коркунуч туудурат.

Мыйзам долбооруна киргизиле турган мындай өзгөрүүлөр акыр аягында Кыргыз Республикасында адам укугун жана эркиндигин туташ чектөөгө алып келет, өлкөнүн көз карандысыздыгын алгандан берки алган принциптерин бузуу болуп саналат, — деп билдирди “Общее дело”-“Жалпы иш” фондунун төрайымы Аида Сүйүндүева.

Фонд мындай демилге Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо учурунда мыйзам чыгаруу органына ишенимди жоготуп жана мыйзам долбоорлору КР Конституциясына жана республиканын эл аралык нормаларына каршы келет деген ишенимге алып келет деп эсептейт. Ошону менен бирге коомдо терс пикирлерди жаратат. Коомдук фонд мыйзам демилгечилерин мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырат.

“Общее дело”-“Жалпы иш” фонду — коммерциялык эмес уюм, ал Кыргыз Республикасында шайлоого мониторинг жасоо боюнча, КР жарандык билим берүүнү ишке ашыруу, жарандардын башкаруу процессине активдүү катышуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Фонддун милдети чечим кабыл алууда анын сапаттуу болушуна, дискурс жана коомдук көзөмөл аркылуу жарандардын катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө таасир көрсөтүү болуп саналат.

Буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо” тууралуу мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөрү, андагы плагиат жана манипуляция тууралуу сындар айтылып келген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты