Нарында бир суткада 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

20-майдагы маалымат боюнча, бир сутка ичинде Нарын облусунда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал эми өлкө боюнча стационардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 266 медициналык кызматкер катталды. Алардын ичинен 221 медкызматкер айыгып чыккан.

Буга чейин Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирус жуктуруп алганы маалымдалган.

20-майга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 27 учуру катталып, жалпы саны 1270ке жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты