​ЕАЭБ президенттери беш жылдык өнүгүү стратегиясын кабыл алышкан жок

  • 4 года мурун

Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр – Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан жана Орусия алдыдагы беш жылга арналган өнүгүү стратегиясын кабыл алышкан жок.

19-майда видеоконференция форматында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев долбоордун ичиндеги “Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейин өнүгүү стартегиясы жөнүндөгү” жобо кошумча толуктоолорду талап кыларын билдирди.

Токаевдин пикиринде, стратегиядагы административдик жана кылмыш жоопкерчилигин аныктоо, бажы иши, техникалык жактан жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу жоболор учур талабына шайкеш келбейт. Токаев стартегия өкмөттөр менен парламенттердин суверендүү укуктарын чектей турганын белгиледи.

Токаев бул документти көзмө-көз талкуулоого чакырды.

Орусия президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык комиссиянын уюштуруучулук ролун бекемдөөнү сунуштады.

Токаев болсо комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесин дыкат кароого чакырды.

Видеоконференцияда стратегия жалпысынан жактырылды, бирок кабыл алынган жок.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты